"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Кадамжайда мыкты окуучулар сыйланды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн, 8-июлда Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткандын жеке демилгеси менен окуунун мыктыларын сыйлоо жөнүндөгү 2024-жылдын 5-февралында бекитилген жобонун негизинде, 2023-2024-окуу жылында “Алтын сертификат”, “Алтын тамга», улуттук олимпиадада байгелүү орунду ээлеген жана жалпы республикалык тестирлөө сынагында жогорку баллды камсыз кылган бүтүрүүчүлөрү менен жолугуп, ийгиликтери менен куттуктады.  Бул тууралуу Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

 

Маалым болгондой  бул аземге мектеп директорлору, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана сыйлык ээлери катышты.

Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча мектептер арасында бир гана Кадамжай району “Алтын сертификатка” ээ болду. Алтын сертификат ээси “Семетей” лицейинин бүтүрүүчүсү Абдуманнанов Самарбекке заманбап үлгүсүндөгү планшет жана 5000 сом акчалай сыйлык жана билим берген мугалимдерине эс алуу үчүн жолдонмолор берилди.

Мындан сырткары, жобонун негизинде улуттук олимпиадада физика сабагынан 3-орунду камсыз кылган Салиев Темирханга 6000 сом, мугалимине 4000 сом акчалай сыйлыктар берилди. Ошондой эле, жалпы республикалык тестирлөө сынагында 200дөн жогорку баллды камсыз кылган 17 окуучуга акчалай сыйлык менен кошо баалуу белектер, китептер тапшырылды.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version