"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Кадамжайда логистикалык борбор ачылды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Логистикалык борборду курууга республикалык бюджеттин эсебинен Баткен облусуна бөлүнгөн 500млн сомдун эсебинен каржыланып, 18 млн 740 миң сомго курулду.
Борбор шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык ишкана болуп эсептелет.
Ишкана келечекте 500 тонна айыл чарба продукцияларын (алма, өрүк, шабдалы, малина ж.б.) көп убакытка чейин сактап, экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Райондо жылына 30миң тоннадай мөмө жемиш өндүрүлөт. Мындан сырткары 2300 тонна малина, 340 тонна кулпунай алынат. Андыктан аймактагы дыйкан фермерлердин ишин илгерилетүүдө, логистикалык борборлордун мааниси зор.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version