2024-жылдын 27-майында Кадамжай шаарындагы Ж.Мамажанов атындагы маданият үйүнүн жанында “Аруузат айымдар”коомдук бирикмеси тарабынан “Кылым каарыткан кыргыз килеми” деген ураандын астында кол өнөрчүлүк боюнча фестиваль уюштурулду.
Иш чаранын максаты коомдогу айымдардын аброюн, статусун, кадыр-баркын жогорулатуу, таланттуу айымдардын чыгармачылык менен иштеген эмгектерин аныктоо, мыкты ууз-чебер айымдардын тажрыйбасын жайылтуу, табигый буюмдарга кайтуу, ден-соолукка кам көрүү, жана колдо жасалган буюмдарды колдонууга багытталган.
