ӨКМнын маалыматына ылайык бүгүн, 26-июнга карата 57 турак үйдөн 549 м3 сел калдыктары тазаланып, 44 турак үйгө кирген сел суулары мотопомпа менен сордурулду. Мындан сырткары, 3550 метр ички чарбалык жол тазаланып, калыбына келтирилди.

Калыбына келтирүү иштерине ӨКМдин Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 29, Кадамжай районундагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 45, Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 15, башкармалыктан 3, ӨКМден жалпы 97 куткаруучу, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 70 кызматкер, жергиликтүү жашоочулардан 210 жана жакынкы айыл өкмөт кызматкерлеринен 160 жаран, ошондой эле 51 техника жана 7 мотопомпо менен жумуш алып барылууда.