2024-жылдын 22-май күнү Кадамжай районун мамлекеттик администрациясында жайгашкан Жаштар борборунда “Санарип жаштар 2024” деген аталыштагы тренинг болуп өттү. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой тренинг онлайн форматта өтүп, катышуучулар Түндүк тиркемесин колдонуу боюнча жаңы маалымат жана билимдерди алышты.
Ал эми 23-май күнү тренинг офлайн форматта өтүп, анда катышуучулар башка кызыктуу тиркемелерди колдонууну үйрөнүштү.
Долбоор “Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн” долбоору “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикмеси тарабынан Европа биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылды.