Айтматов Мирланбек Мусаевич Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын №141-Тескемесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине негизделип, Айтматов Мирланбек Мусаевич Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары кызматына дайындалды.
Аны бүгүн район активине Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев тааныштырды.
