Аймактык административдик реформалар ийкемдүү ишке ашууда
Баяке уулу Болоткан, Кадамжай районунун акими:
“ Кадамжай районундагы айыл
өкмөттөрүнүн саны 5 ке кыскартылды”
Кадамжай районундагы 13 айыл өкмөттөрүнүн саны 5 ке кыскарып, сегиз айыл өкмөтүнө бириктирилди. Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу максатында жүргүзүлүп жаткан административдик аймактык реформанын натыйжалары албетте өз жемишин берери талашсыз. Бул багытта Кадамжай районунун акими Баяке уулу Болоткан ирилештирилген айыл өкмөттөрүнүн келечеги жөнүндө аймактык кабарчыбыз Алтынай Шабидиновага айтып берди.
https://www.facebook.com/share/v/pLn5uLsAgLmUDn8u/?mibextid=00RHnp
Эске сала кетсек, Тажикстандын тогуз, ал эми Өзбекстандын алты район шаарлары менен чектешкен Лейлек, Баткен райондорунда чек ара тилкелери тактала электигине байланыштуу аймактык административдик реформа убактылуу токтоп турат.
-Райондо 13 айыл өкмөт, эки шаарыбыз бар. Аймактык административдик реформадан кийин 8 айыл өкмөт жана эки шаарыбыз калат. Мындайча айтканда, 5 айыл өкмөт кыскарат. Мисалы: Совет айыл өкмөтү бир айылдан турат, бул айылды Алга айыл өкмөтүнө кошуп жатабыз. Ошондой эле дотациядан чыккан Майдан айыл өкмөтү бар бул айыл өкмөтүн Айрыбаз айыл өкмөтүнө кошулат. Сегиз айыл өкмөтүнүн астында муниципалдык ишкана түзөбүз. Буга чейин биз коомдук бирикмебиз дешип: жайыт комитеттери, суу пайдалануучулар ассоциациясы айыл өкмөттөргө баш ийбей иштеп келишкен. Эми булардын баарын муниципалдык ишканага камтыйбыз. Жайыт, сугат суу, таштанды, таза суу ишканалары муниципалдык ишканаларга камтылат. Мындайча айтканда айыл өкмөт башчы мунун баарын тең эми өзү башкарат, ошондо элге эффективдүү, сапатттуу кызмат көрсөтө алат. Айыл өкмөт башчы өзүнө көбүрөөк жоопкерчиликти алат, андан тышкары биз дагы көзөмөлгө алабыз.Кошулган айыл өкмөттөргө республикалык бюджеттен дем берүү үчүн 10 млн сом акча каражаты бөлүнгөнү жатат. Бул дагы айыл өкмөттөрдүн материалдык, техникалык базасын чыңдап алганга чоң түрткү берет ишенебиз.