Мындай маалыматты Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Батма Имаралиева билдирди. Бөлүм башчысынын айтуусунда Баткен облусунда кышка карата даярдык кызуу жүрүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрына карата социалдык тармактарды көмүр менен камсыз кылуу 23 пайызга аткарылган. Же 3479,1 тонна (23%) көмүр ташылды. Учурда от казан, жылыткыч системаларын кышка даярдоо иштери аткарылууда. Батма Имаралиева кошумчалагандай бүгүнкү күндө облустун аймагында 58 стационардык көмүр сатуучу түйүн (пункт) иштеп жатат. Анын ичинен: Баткен районунда 4 соода түйүн, Кадамжайда 38; Лейлекте 5; Баткен шаарында 2; Кызыл-Кыяда 4 жана Сүлүктү шаарында 5 жерде көмүр сатуу түйүндөрү иш алып барууда. Ошондой эле облустун аймагындагы 40тан ашуун көмүр өндүрүүчү ишканалардан көмүр сатып алууга болот. Ошондо Сүлүктү шаарынын өзүндө БОМ-маркасы 7250 сом БОМ, БР-7500 сом жана БК-маркасындагы көмүр 12 000 сомдон сатылууда.
Ал эми аймактарда көмүрдүн баасы сортуна жана жол чыгымдарын эсепке алганда ар бир райондо орточо 7500 сомдон 9000 сомго чейин сатылууда. Терилген жогорку сапаттагы көмүр 12,0-15,0 миң сомдон болууда.