КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Баткен шаарынын эли жана ишкерлери менен жолукту. Жолугушууга тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышып, көтөрүлгөн маселелер боюнча ой пикирлерин айтышып, суроолорго жооп алышты.
Өкүл адегенде жыйынга катышкандардын пикирлерин укту. Эркин форматта өткөн бул жолугушууда негизинен шаардагы таза суу, канализация, базар, жер участкаларына байланышкан көйгөйлөр көтөрүлдү. Шаар тургундары тарабынан айтылган ар бир сунуш, пикирлер эске алынып, жеринде жооп берилди.
А.Шаменов, «Шаарды шаарга айландыралы, базар кылбайлы» – деди өз сөзүндө. Буга чейин Баткен шаарындагы автоунаалардын тыгындарын пайда кылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн Ош, Раззаков жана башка шаарларга каттоочу эл ташыган автоунаалар шаардын сыртына чыгарылат. Канализация, таза суу маселеси чечилет. Кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштар алынаарын айткан өкүл мындан ары Баткенде мыйзамдуулукту орнотобуз деди. 30 жылда жасалбаган иштерди кыска аралыкта жасайбыз, убакыт күтпөйт, шаарды баарыбыз биргеликте курабыз деди.
Ал эми, Баткен шаарындагы бардык базарлар биримдик базарына жылдырылары да так айтылды.
