"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Япониядагы жер титирөөлөр жүздөн ашуун имаратка зыянын тийгизди

Соц.тармактарда бөлүшүү

Япониядагы жер титирөөлөр жүздөн ашуун имаратка зыянын тийгизди


58

Япониянын батыш тарабындагы жер титирөөлөр жүздөн ашык имаратка зыянын тийгизген. Алардын айрымдары урап түшкөн. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Исикава жана ага жакын Тояма аймагындагы имараттар зыянга учураган. Кеминде алты үй ураганын, урандылардын алдында адамдар болушу мүмкүн экенин Министрлер кабинетинин башкы катчысы билдирген.

Япония ЖМКлары жер титирөөдөн жабыркагандар бар экенин, бирок алар өмүргө кооптуу эмес жаракаттарды алышканын жазышкан.

Күн чыгыш өлкөсүндө жер титиреген. Япониянын батыш тарабында анын магнитудасы 5,7 жана 7,6 жана 6,1ге жеткен. Жалпысынан эки саат ичинде Исикава жана Ниигата префектураларында 29 жолу жер силкинип, Осака, Киото жана Токиодо да сезилерлик болгон.

 

source


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version