"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Ишкерлерге камсыздандыруунун жаңы тарифтери окутулду

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен шаарындагы Баткен JIA кеңсесинде “Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин өзгөрүшү” деген темада салык жана камсыздандыруу мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу ишкерлердин билимин жогорулатуу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен JIA директору жана Ишкердикти колдоо борборунун координатору Кубанычбек уулу Уланбек кабарлады.

Анын айтымында, семинарга Баткен шаардык салык кызматынын, Баткен Ишкердикти колдоо борборунун өкүлдөрү жана ишкерлер катышты.

Иш чарада Баткен шаардык салык кызматынын өкүлү Уларбек Аширов жана Баткен Ишкердикти колдоо борборунун финансылык консультанты Сабыт Айбалаевдер ишкерлерге практикалык маалыматтарды беришти.

Алар салык кызматындагы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ченемдери дээрлик эки эсеге – 27,25%дан 12,25%га чейин төмөндөгөндүгү тууралуу кеңири айтып беришти.

Маалыматка ылайык, жаңы ченемдер 2024-жылдын 1-августунан баштап күчүнө кирди. Жумуш берүүчүлөр 2,25% жана жумушчулар 10% төлөшөт. Ченемдерди төмөндөтүү ишкердикке жагымдуу шарттарды түзүп, бизнеске болгон финансылык жүктү жеңилдетет жана экономиканы агартат.

Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну жакшыртуу үчүн төмөнкү чаралар каралган: салык төлөөчүлөр жалданма кызматкерлердин актуалдуу реестрин салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде жүргүзүүгө тийиш, юридикалык жак катары катталган иш берүүчүлөр эмгек акыларды накталай эмес формада төлөөгө милдеттүү, жалданма кызматкерлердин санын тактоо үчүн салык контролун жакшыртуу жана жалданма кызматкерлердин саны, ошондой эле салык отчётторундагы салыктардын жана социалдык төлөмдөрдүн суммасы азайган учурда санкциялар, туумдар жана айыптар киргизилген.

Окутуунун жүрүшүндө ишкерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жаңы тартибин колдонуу боюнча практикалык билим алышып, ошондой эле өзгөрүүлөргө ийгиликтүү адаптациялашуу жана аларды күнүмдүк иштерде натыйжалуу пайдалануу үчүн зарыл болгон көндүмдөргө ээ болушту.

Иш чара Бизнес Ассоциация JIA Баткен облустук филиалы жана Баткен шаардык салык кызматы менен биргеликте уюштурулду.

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version