"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

«Ич өткөк оорусу – жаш балдар арасында көп кездешкен жугуштуу оору»

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бурулай Камбар кызы, Баткен облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун балдар дарыгери: «Ич өткөк оорусу – жаш балдар арасында көп кездешкен жугуштуу оору»

 Ич өткөк – коркунучтуу жугуштуу оору. Учурда ич өткөк оорусу – жаш балдар арасында көп кездешкен оорулардын бири. Жаз, жай айларында күчөгөн бул жугуштуу оору жаш балдар үчүн кооптуу. Аталган оору боюнча үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун балдар дарыгери Бурулай Камбар кызы менен маек курдук.

 

– Бурулай Камбаровна, бүгүнкү күндө балдар арасында кандай жугуштуу оорулар басымдуулук кылууда?

– Учурда ич өткөк оорусу – жаш балдар арасында көп кездешкен оорулардын бири. Жаз, жай айларында күчөгөн бул жугуштуу оору жаш балдар үчүн өтө кооптуу. Буга чейин дем алуу органдарынын оорулары менен көбүрөөк балдар катталса, акыркы жумада ич өткөк оорусу менен көп кайрылып жатышат. Ич өткөк – инфекциялык курч оорулардын тобу, көбүнчө тамак сиңирүү системасы жабыркайт.

– Ич өткөктүн белгилери жөнүндө айтып берсеңиз?

– Ич өткөк оорусу менен ооруган балдарда дене табынын көтөрүлүшү, кусуу, ичи өтүү, алсырап шалдыроо, тамакка табитинин жоктугу жана ичи оорушу мүмкүн. Мындай учурда балага тамак бербей жалаң гана суу берип турганы жакшы. Кээ бир учурда заңы суюлгандан да жашыл тартып көбүктөнүп ачуу, жагымсыз жыттанып же заңында былжырчалар, ириң, кан пайда болушу мүмкүн. Мындай учурларда дарыгерлерге дароо кайрылуу зарыл. Дарыгердин көзөмөлүндө үй шартында дарылоого болот, оор учурларда гана орууканага жаткырылат. Дарыгерге чейин үйдө регивит сыяктуу ОРСны 1 литр сууну кайнатып жылып калгандан кийин кошуп ичирген жакшы.

Даяр болгон аралашманы бат-бат, аз-аздан балага ичирүү керек. Биринчиден, тазалык керек. Тамак алдында колду жууп, дааратканадан келгенден кийин да колду жууш керек. Экинчиден, жер-жемишти тазалап, жууп жеш абзел. Үчүнчүдөн, сүт азыктарын жана сууну кайнатып ичүү зарыл.

Эсиңизде болсун, ич өткөндө организмдеги суу азаюу менен бирге калий, натрий микроэлементтери да азаят. Ошондуктан жүрөк оорусу козголуп, баш оору күчөп адам өзүн жоготууга чейин барат.

 

– Ичеги инфекциялары кандай жолдор менен жугат?

– Ооруган баланын заңы, шилекейи, чүчкүрүгү, оюнчугу, сүлгүсү, идиши аркылуу жана таза эмес сууну пайдаланганда жугат.

Ичи өткөн баланы колду жуубай эмизгенден, упчуну тазалабай бергенден да жугат.

 

– Оорунун алдын алуу үчүн кандай кадамдарга барышыбыз керек?

– Баланы гигиенаны сактоого кичинесинен үйрөтөлү. Мисалы, башка бирөөнүн буюмун колдонбоо, дааратканага барып келгенден кийин жана тамак ичерде колду самындап жуу, туруп калган, чала бышырылган, жол боюнда сатылган, мөөнөтү өткөн азыктарды бербөө, фастфуддарды жегизбөө керек. Бактерия, вирустар майонез кошулган салаттарда, торттун креминде, сүт азыктарында, өзгөчө йогурт менен быштакта бат көбөйө турганын эске алуу зарыл.

Жемиштерди жууп, тазалап анан жеш керек. Үйдө бирөө-жарым ооруп калса, анын идиш, төшөгүн өзүнчө бөлүп, өзүн да өзүнчө бөлмөгө жаткырып, үйдү желдетип, бат-баттан нымдап жууп туруу кажет. Ичеги инфекциясы кир көлмөлөрдөн да жугат. Андыктан балдарыбызды андай жерлердеги сууга түшүрбөө керек. Ич өткөктүн себептеринин бири болгон ротавируска каршы эмдөөнү өз убагында алуу зарыл.

 

– Ооруну дарылоо жолдоруна токтоло кетсеңиз?

– Бала кусуп, ичи өтө берсе организмдеги суу жана туз нормасынан азайып, зат алмашуу начарлап, наристенин өмүрүнө коркунуч туулат. Андыктан дароо өзүңүз жашаган жердеги ооруканага же үй бүлөлүк дарыгерлер топторуна алып барып, дарыгерге көрсөтүү зарыл. Анда дарыгер бейтапты көрүп, анализ тапшыртып, диагноз коюп, эгерде вирустук түрүндө болсо, вируска каршы, ал эми бактериалдык түрүнө чалдыкса антибиотик колдонот. Булардан тышкары дене табын түшүрүүчү, ич өткөктү басуучу, организмден ууларды чыгаруучу тамчылатма дары колдонушат. Ошондой эле организм кусуу жана ич өтүүдөн жоготкон суунун, туздун ордун толтуруу үчүн суусундуктарды көп берүү сунушталат. Компот, же дарыканаларда сатылган регидронду сууга кошуп даярдап берүү керек. Бергенде 1 ууртам же 2-6 кашыктан берүү зарыл. Көп ичирип салса бат-баттан жыйрылып иштеп жаткан ашказан суюктукту артка түртүп, бала кусуп салат. Бул организмдин сууну дагы көбүрөөк жоготуусуна жеткирет. Андыктан чыдамдуу болуп, аздан берүү зарыл. Сууга бышырылган күрүчтүн суусун 2 саат сайын аз-аздан берип турса болот. Диета карматып, жеңил, оңой сиңүүчү тамактарды берген оң. Куурулган, майлуу, туздалган жана катуу тамактар, газдалган суусундуктар, майлуу эт, сүт жана сүт азыктары, ширелер, коон, бадыраң, өрүк дегендер берилбейт. Эмчектеги баланы көбүрөөк эмизүү сунушталат.

«Баланын туулганына эмес, турганына сүйүн» деп ата-бабаларыбыз бекеринен айтпаса керек. Себеби ымыркай чоңоюп, эрезеге жеткенче энесин бир топ түйшүккө салат… Ошондуктан дени сак баланы тарбиялоо үчүн ата-энелер, баланын ден соолугуна кам көрүп, ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн календарлык эмдөөлөрдү такай алып турушу зарыл. Эмдөө – ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алууга кепил боло алат.

Гүлчехра Тажибаева, «Баткен таңы»

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version