Таң – жашоонун башталышы, улануусу. Таң менен учурашуу – алдыдагы күндү жаркын маанай менен тосуп алуу. Таңда туруу ийгиликтүү адамдардын адаты экендиги эле эрте туруу канчалык жемиштүү экенинен кабар берет. Сиз да эрте туруу менен жашооңузду өзгөртсөңүз болот.
Кеч туруунун кесепеттери:
Эс алуудан тышкары максатсыз уйку бүт денеге зыян. Булчуңдар бош болуп, тери чыйрактыгын жоготот.
Ашыкча уйкуда буйдаланып ыңгайсыз жатуу көнүмүш болуп калат. Бул жүзгө, моюнга, бырыш түшүрүп карылыкты эрте чакырат.
Кыймылсыздыктан денеге туз уюп омуртка оорулары пайда болот. Уйкучулук мурда бар муун ооруларын ого бетер күчөтөт.
Максатсыз уйку кан айланууну начарлатат. Бул ашыкча салмактуулукту пайда кылат. Адамдагы ар бир ашыкча май – жаңы оору.
Уктап калуу таңкы тамакты кечеңдетери анык. Ал эми ашказан сиздин ойго же уйкуда экениңизге карабай өз кызматын аткара берет. Эртең менен бош иштей берген ашказан сөзсүз ооруга кабылат.
Бөйрөктө да ушул маселе. Табарсыктын чыңалып толгонуна карабай уктаганда заара денеге тарап кетет. Бул эң алды бөйрөккө зыян алып келет.
Мүнөздө
Ыкшоолук. Кеч туруу эс алдырбай эле, чарчатат. Андан улам ал күн ыкшоолук менен көңүлсүз өтөрүн билсеңиз керек.
Жалкоолук. Таң менен “эч нерсеге жетишпей калдым” деген негативдүү ой, күн бою көңүлдөнүп иш кылуудан айнытат. Бул көрүнүш күн сайын кайталана берсе, бат эле жалкоого айланасыз.
Жаман адат. Айрыкча бул адат адамда бала күнүндө калыптанат. Ата-эне баласын уктап алсын деп аяп жатып аны өзүлөрү уйкучу кылып алышат. Ал эми жаман адат калбайт.
Жогоруда саналгандын баарынан эрте туруу менен гана кутуласыз. Бирок эрте туруу жакшы экенин билгенибиз менен аны аткаруу кыйын. Ал үчүн сиз өзүңүз ойлоп тапкан маселелерди төмөнкү ыкмалар менен жоюңуз.
1-маселе: “Мен эс албай калам”
Эгер сиз 24 саатты туура бөлүштүргөн болсоңуз, эң сонун эс аласыз. Окумуштуулар 24 саатты 3 бөлүккө сегиз сааттан бөлүштүрүшкөн. Анын биринде физикалык иштерди аткарасыз, экинчисинде акыл иштерин ишке ашырасыз, ал эми үчүнчү 8 саатта уктайсыз. Чон адамга 7-9 сааттык уйку жетиштүү. Бул үчүн 22:00-23:00 аралыгынан кеч калбай уктаңыз.
2-маселе: “Мен баары бир уктап кала берем”
Бул түшүнүктүү. Бирок өзүңүздү жеңүүгө эң жөнөкөй ыкманы колдонуңуз. Ар бир кийинки жумада эрте турууну 5 гана мүнөткө жылдырыңыз. Бул сизди чоң жетишкендикке алпарат. Ар жуманын 5 мүнөтүн жарым жылга барабар болгон 26 жумага көбөйтсөңүз 130 мүнөт чыгат. Бул 2 саат. Көрсө, жарым жыл ичинде уйкучулуктун азабынан биротоло кутулууга мүмкүн экен.
3-маселе: “Эрте туруп алып эмне кылмак элем”
Адамдар эки шартта гана эрте турушат: биринчи – балдарга кам көрүү же ишке баруу аргасыздыгы. Экинчилери – эрте турууну жаштайынан адат кылып алгандар жана андан ырахат алгандар. Билесизби, ашыкча уйку башты оорутуп, денени талыкшытып, жаман адаттарды калыптандырат. Сиз бул эки топко кирбесеңиз, төмөнкү үчүнчү жолду тандап алыңыз.
Тил үйрөнүү, сөз жаттоо: эс алган мээ жаңы маалыматты тез кабыл алат. Андыктан бул учурду пайдаланып чет тилинен 30 сөздү кийин унутпай тургандай болуп жаттап алыңыз.
Китеп окуу: кечинде жарым саат олтуруп 5 бет араң окуп түшүнгөн болсоңуз, эртең мененки жарым саат аралыгында 15 бет окуп коюуга мүмкүн. Бул далилденген.
Максаттарыңызды аныктап, план түзүңүз. Муну кечинде деле аткарууга мүмкүн. Бирок чарчаңкы абалда, шашкалактап түзгөн пландан алда канча сапаттуу болот. Ал эми максаттарыңыз тууралуу кечиндегиден ишенимдүү жана туура ойлоно аласыз. “Кечки акылдан, таңкы акыл” дейт кыргызда.
Сейилдөө: душ кабыл алып, чуркоо же жөө басуу үчүн бир күн ичинде убакыт бөлүп келген болсоңуз, бул жакшы. Бирок анын бири да эртең мененкидей сергектик, күч-кубат бербей турганын мойнуңузга алыңыз.
РАХАТ МИРЗАЛИЕВА