"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Эмдөө – илдетти жеңүүнүн натыйжалуу жолу

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда өлкөбүздө күч алган кызамык оорусунун алдын алуу жана ооруну жеңүүдө эмдөө маанилүү экендигин калктын калың катмарына жеткирүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Баткен облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Мустаким Акматов, республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун түштүк филиалынын адиси, балдар дарыгери Жанаткан Муратова, жугуштуу оорулар дарыгери, иммунолог, ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери жана журналисттер катышышты.

Жыйынды директордун орун басары М.Акматов ачып, бүгүнкү жыйындын максаты – кызамык боюнча элге кеңири маалымат берүү жана өтүп жаткан эмдөө жумалыгынын маанилүүлүгүн калктын калың катмарына жеткирүү экендигин баса белгиледи.
Ошого удаа эле Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык борборунун иммунологу Гүлмира Козубаева бүгүнкү күндө кызамык оорусуна каршы өтүп жаткан кошумча эмдөө жумалыгынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш чаралар жана кызамык оорусу менен катталган статистика жөнүндө кеңири маалымат берди.
Мындан сырткары, республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун түштүк филиалынын адиси, балдар дарыгери Жанаткан Муратова кызамык боюнча өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга токтолуп, кызамык оорусу өтө тез жугуучу, коркунучтуу жугуштуу оору экендигин айтып, кызамыктын атайын дарысы жок экендигин, бирок эмдөө менен ооруну алдын алууга боло тургандыгын белгилеп кетти.
«Кызамык-бул курч кармаган вирустук инфекциялык оору. Вирус оорулуу адам чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, сүйлөгөндө бөлүнүп, аба аркылуу жугат. Кызамыктын вирусу көбүнчө кыш мезгилинде өөрчүйт, себеби вирус суукта туруктуу болот. Ошондуктан, күз, кыш мезгилинде мүмкүн болушунча жаш балалуу энелер адамдар топ жыйылган жерлерге баруудан баш тартуу зарыл. Эгерде Сиз балаңызды эмдете элек болсоңуз, анда дароо эмдөө жасатыңыз! Эмдөөлөр жашаган жериңиздеги ҮДТ, ФАП, ЖВТБ мекемелеринде акысыз жүргүзүлөт. Эмдөө бул – кызамыктын жайылышын алдын алуунун жана калктын саламаттыгын сактоонун эң натыйжалуу жолдорунун бири. Алдын албаса, аягы өпкөнүн сезгениши (пневмония), кулактын сезгениши (отит) жана көздүн көрбөй калуусуна чейин алып келет», -деди балдар дарыгери Ж.Муратова.
Жыйында эмдөө алуунун зарылдыгы белгиленип, жугуштуу оорунун алдын алуу, калктын калың катмарына жеткиликтүү маалыматтарды берүү боюнча талкуу жүрүп, катышуучулар тарабынан сунуштар айтылды.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 13-июнь айынан тартып, кызамык жана кызылча оорусуна каршы кошумча эмдөө жумалыгы башталган. Учурда бул жумалык 6-июлга чейин улантылууда. Мындан улам, ата-энелерди эмдөөгө активдүү катышып, балаңыздын ден соолугуна кам көрүүгө чакырабыз!


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version