"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

«Эмдөөдөн баш тарткандардын айынан жугуштуу оорулар көбөйүүдө»

Соц.тармактарда бөлүшүү

Инабат Абдуллаева, Баткен облустук үй бүлөлүк медицина борборунда алдын алып эмдөө боюнча медайымы:

«Эмдөөдөн баш тарткандардын айынан жугуштуу оорулар көбөйүүдө»

 

«Баткен облусунда кызамык оорусунун алдын алуу жана ооруну жеңүүдө эмдөө маанилүү экендиги калктын калың катмарына жеткирилүүдө. Бул боюнча биздин борбордо да атайын иш план кабыл алынып, түрдүү иш чаралар уюштурулуп, шаар тургундарына тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө»,-деп билдирди Баткен облустук үй бүлөлүк медицина борборунда алдын алып эмдөө боюнча медайымы Инабат Абдуллаева.

Анын айтымында, учурда үй бүлөлүк мед айымдар шаар аймагында өздөрүнө бөлүнгөн участкаларда балдарына ар кандай жугуштуу ооруларга өз убагында эмдөө албай калган, эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер менен иштешип, эмдөө алуунун зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ошондой эле кызамык оорусунун алдын алуу жана ооруну жеңүүдө эмдөө маанилүү экендиги боюнча кеңири маалымат беришип, эгерде ким баласын эмдете элек болсо, анда дароо жашаган жериндеги ҮДТ, ФАП, ЖВТБ мекемелерине кайрылып, эмдөө жасатуу зарылдыгын белгилешүүдө. Ошого удаа эле эмдөө акысыз жүргүзүлө тургандыгын айтышууда.
Жарым кылымга жакын өмүрүн саламаттыкты сактоо тармагына арнаган, өз кесибинин устаты, «Медицинанын ардактуу кызматкери» төш белгисинин ээси, жогорку категориядагы медайым Инабат Абдуллаева: «кызамык оорусунун жайылып кетүүсүнун бирден-бир себеби-эмдөөдөн баш тарткандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу болууда. Тилекке каршы, акыркы жылдары календарлык эмдөөлөрдөн баш тарткан ата-энелердин саны өсүүдө. Ошондой эле ички жана тышкы миграция күчөгөндүгүнөн көбөйдү», – дейт.
– Кызамык-бул курч кармаган вирустук инфекциялык оору. Вирус оорулуу адам чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, сүйлөгөндө бөлүнүп, аба аркылуу жугат. Кызамыктын вирусу көбүнчө кыш мезгилинде өөрчүйт, себеби вирус суукта туруктуу болот. Ошондуктан, күз, кыш мезгилинде мүмкүн болушунча жаш балалуу энелер адамдар топ жыйылган жерлерге баруудан баш тартуу зарыл.
Кызамыкты натыйжалуу жана ишенимдүү коргоо болуп эмдөө гана эсептелет: КР алдын ала эмдөө календарына ылайык балдар кызамык, кызылчага каршы 12 айында жана 6 жашында эмделишет. Эмдөө 15-20 жылга чейин туруктуу коргоо (иммунитет) натыйжасын берет. Эгерде Сиз балаңызды эмдете элек болсоңуз, анда дароо эмдөө жасатыңыз, – деди эмдөө медайымы Инабат Абдуллаева.
Баткен облусу боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун берген маалыматына ылайык, Баткен облусунда 2024-жылдын январь айынан баштап кызамык оорусуна шектүү болуп 193 учур катталган. Анын ичинен 183 учурга кызамык диагнозу коюлуп (лабораториялык жактан тастыкталган учур-28, клиникалык жана эпидемиологиялык жактан диагноз коюлгандар – 154 учур).
Жыл башынан бери катталган 183 учурдун баары өз учурунда иликтенип, ооругандар Баткен облустук жана Кадамжай, Кызыл-Кыя аймактык ооруканаларынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган, жашаган дареги боюнча маалыматтар өз учурунда берилип, байланышта болгондор 21 күндүк көзөмөлгө алынган.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version