"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

“ЭЛ БАШЫНА ЭСТҮҮ АДАМ КЕЛСЕ, ЧЫНДАП КУБАНАТ ЭКЕНСИҢ”

Соц.тармактарда бөлүшүү

Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Казакстанга эмгек сиңирген артист, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын ээси:
“ЭЛ БАШЫНА ЭСТҮҮ АДАМ КЕЛСЕ, ЧЫНДАП КУБАНАТ ЭКЕНСИҢ”

Баткенде үч өлкөнүн ынтымагын даңазалаган Эл аралык “Ыр майрамы” болуп өттү. Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын белгилүү искусство ишмерлери катышкан иш-чараны баштап берген, Кыргыз Эл артисти, бүтүндөй түрк дүйнөсүнө таанымал, казак элинин эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Саламат Садыкованын айткандарына таянсак, Баткен жергесинде мындай чоң масштабдуу иш чара буга чейин болгон эмес.
Дүйнө тааныган өзбекстандык артист, “Ялла” ансамблинин уюштуруучусу Фарух Закировдун же болбосо Тажикстандын белгилүү маданият ишмерлери катышкан ыр майрамы чынында эле жогорку деңгээлде өттү. Нөшөрлөп жааган жамгыр дагы эл достугуна арналган бул гала концертке тоскоол боло албады. Биз бирбиз, достугубуз бекем болсун, бизге баары суктансын деген жалындуу сөздөр айтылды.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жергебизде ар дайым тынчтык болсун, ыр болсун. Бирге өнүгөлү деген куттуктоосу. Каалоо тилектери келген коноктордун, Баткен элинин маанайын көтөрдү.
Баткен шаарындагы борбордук стадиондо элдердин биримдигин, ынтымагын бекемдеген гала концерт кечки саат сегизде башталары күн мурунтан белгилүү болгондугуна карабастан, саат беште отурганга орун табылбай турду. Мына-мына концерт башталат дегенине карабай, биз эл артисти Саламат Садыкованы кепке тарттык.
“Эл башына эстүү адам келсе чындап кубанат экенсиң. Өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевичке, Камчыбек Ташиевге рахмат. Мурда мындай болгон эмес. Өзүмө батпай сүйүнүп турамын. Губернаторуңар да жакшы жигит экен”-деди.

Мен өзүм жеке Баткендин кызы катарында жүрөгүм толкуп, өзүмдүн териме өзүм сыйбай турган учурум. Эгемендүүлүктү алган жылдардан бери мынчалык масштабдуу, мынчалык кенен тармакта мына бүгүн кечинде төрүбүзгө, элдин алдына коңшулаш Тажик өлкөсүнөн, Өзбекстандан белгилүү Фарух Закиров баштаган «Ялла» ансамбли келип жатат.
Ал эми жасалган сахнанын техникалык жактан заманбап жасалгасы, үн берген жактан бүт профессионал команда келип, биздин кыргыз маданиятынын бүгүнкү Бишкекте болуп турган, толуп турган, жайнап элге ушундай бир элге чагылгандай атырылып турган ырчы-күүчүнүн баары келиптир.

Бул жагынан алганда жакшылык жакшылыкты чакырат экен. Жакшылыкты канча жолу айтсак дагы аздык болот экен. Ошондуктан бабаларыбыздын бизге айтып кеткен санаттарынын ошол баланын осуяты менен изилдеп, бүгүнкү күндүн мамлекет башчыларыбыздын Садыр Нургожоевичтин, Камчыбек Кыдыршаевичтин элим деген жүрөктөрүнөн айланайындар ошол элге жакын болсун. Руханият көтөрүлмөйүнчө адамдын жүрөгү ачылбайт. Руханияттын туусун көтөрүлмөйүнчө адамдын көңүлү, кабагы ачылбайт деген сыяктуу береке чакырып турган, Баткен деген өрүкзарлуу өрөөнүбүзгө береке кут чакырып турган, төбөдөн кут түшүп тургандай керемет майрам болуп турат. Бул өзү кылымда бир келе турган жүрөктү толкуткан элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңырат деген ушул экен. Жаңы баракта, жаңы толкунда, жаңы бийик санаада жолугуп жатканыбызга мен жеке өзүм башымды ийип таазим кыламын.


Мына бул жерде элге дастарконун жайып, очокто кемегеде казанын кайнатып турган элибиз аман болсун. Мындан ары жагында жакшылык санатыбыз бүтпөсүн. Сур булуттардын бардыгын кичине бир катуу сыноодон өткөн элибиздин санаасына катып жаткан бардык кызматта турган бардык азаматтарыбыз, облустун башына да мыкты жетекчи келиптир. Жайнап турган азаматтар, умтулуп турган, күлүгүн чаап турган азаматтар келиптир. Мына кызматта жүргөндөргө да ушу жолу көңүлүм толду.
Мамлекет башчыбыздын жүргүзүп жаткан саясаты реформасы элге айтайын деген аңгемеси ылайым бүтпөсүн. Той куттуу болсун айланайындар!
Күнүбүз ырайлуу болсун, айтар сөзүбүз чырайлуу болсо гана өзөгүбүздөн өсүп, тамырыбыз көктөйт. Коомду өзгөртүү үчүн, оболу адам өзү өзгөрүүсү керек. Албетте, бүгүнкү күндө эл башында жүргөн жетекчилерге да оңойго турган жок. Бирок, коңшулар менен ымалага келип, шар батылдык менен чечимдерди кабыл алып, Мамлекет башындагы жетекчилерибиздин жанын үрөп иш алпарып жатканына кубана караймын. Анткени, адамзаттын бакытка карай барчу жолу ал бир гана, биримдикте, акылмандык менен, сабырдуулуктун кечиримдүүлүктүн бийик үлгүсүндө гана өнүгөөрүбүздү, келечекти кенен караган шер мүнөз жетекчилерибизге да амандык берсин жараткан.
Сөз энергия! Он сегиз миң ааламды дүр силкиндирген сөз ээсиз, баш мээсиз болбосун. Жакшылык да, касирет да кудайдан.
Бар тилегеним элибиздин эртеңкиси жарык жаштарыбыз өнөргө жакын болуп, илимге, билимге канык болсо, биз дүйнөдөгү эң акылман эл болуп өнүгөөрүбүзгө ишенемин.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version