КҮН КҮРКҮРӨП, ЧАГЫЛГАН ТҮШСӨ ЭМНЕЛЕРДИ ЭСКЕ АЛУУ КЕРЕК?
Алар:
– эгерде сиз калктуу конушта болсоңуз
терезе эшиктерди, морду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз;
– мешке от жакпаңыз! Анткени меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат;
– уюлдук телефон менен сүйлөшпөңүз себеби бул учурда электр мамычаларынын ортосунда созулган зымдарга чагылган тиет;
– эгерде сиз токойдо болсоңуз токойдун ачык аянтына шашылыңыз. Бийик бактардан, өзгөчө карагайдан, эменден, теректен алыс болгонуңуз дурус;
– суу объектисинде же анын жээгинде калбаңыз. Жээктен алыстап, бийик жерден ойдуңга түшүңүз.