Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын өкмөт башчылары үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын тогошкон чекитинде жолугушту.
Адылбек Касымалиев, Абдулла Арипов жана Кохир Расулзода мамлекеттик чек ара боюнча макулдашууларды талкуулашты. Анда кыргыз-тажик чек арасынын калган аймактарын сыпаттоо толук бүткөрүлгөнү абдан маанилүү экени, эми жумушчу топтор жыйынтыктоочу документтерди даярдоону тез арада иштеп чыгуусу керектиги айтылды.
