Cүлүктүлүк айым
Айнура Акматова, Сүлүктү шаардык Балдар чыгармачылык борборунун жетекчиси
Тайманбастан топ жарган айым
Шаардык кеңештин депутаты Айнура Акматова жергиликтүү маселелерде, орусча айтканда “моя хата с краю” дегендерден эмес. Ар дайым бардык маселе боюнча өз пикирин айтып, күрөшүүгө даяр. Тайманбастан топ жарган айым, ар бир жарандын шаарына кайдыгер мамиле жасабоого, өнүгүүсүнө салым кошууга чакырып келет. Каарманыбыз бүгүнкү күндө шаардагы Балдар чыгармачылык борборун жетектейт. Аталган борбор 2001-жылы ачылган. Анда ар кайсы багыттагы чыгармачылык ийримдер уюштурулуп, шаардагы мектептерде окуган окуучулар ал жерде өздөрүнүн кругозорун, чыгармачылык дараметин өнүктүрүү менен алек болушат.
-Мен 1978-жылы Сүлүктү шаарында, кенчинин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгем. Атам ардактуу кенчи, апам үй кожойкеси болгон. Ата-энеме абдан ыраазымын. Анткени алардын билими жок болсо да, бизге билимдүүдөн да көбүрөөк шарт түзүп берген. 9 бир тууган болсок, бүгүн ар бирибиз жогорку билимдүү болуп, өз кесибибиз менен иштеп жатабыз. Үй-бүлөлүүмүн, 2 кызым бар, Экөөсү тең студент. Ал эми жолдошум ОшМУда Кыргыз-Кытай факультетинин профессору.
–Кызматтык тепкичиңиз тууралуу сөз кылалы. Жетекчиликке келгенге чейин кайсы жактарда эмгектендиңиз?
-Мектепти бүткөн жылы эле, 1998-жылдары алгачкы кесиптик жолумду Н. Кушматов атындагы 9 гимназияда өспүрүмдөр уюмунун жетекчиси болуу менен баштагам. 3-4 жыл өткөн соң кыргыз тили жана адабият сабагын берип калдым. Чыгармачылыкка жакын жан дүйнөм тынчтык бербей, мектеп менен эле биргеликте Балдар чыгармачылык борборунда да иштеп баштагам. Вокалдан жана Манас ийриминен сабак берчүмүн. Ошол кезде эле окуучуларым Бишкекте, Ысык-Көлдө өткөн сынактарда алтын медалдарды тагынып жүргөн. Кийинчерээк, Маданият сарайында уюштуруучу, хореограф болуп иштеп жүрдүм. Шаарыбыздагы кесиптик лицейде кыргыз тилчи жана адабиятчы болуп иштеп жүргөн мезгилимде элдин колдоосу менен шаардык кеңешке депутат болуп шайландым. Андан кийин, Сүлүктү кайрымдуулук фондун түзүп, бүгүнкү күнгө чейин үзүрүн көрсөтүүдө. Пандемия болобу, чек ара жаңжалы болобу ар дайым колумдан келген мүмкүнчүлүгүмдү пайдаланып, патриоттук сезим менен элге кызмат кылдым. Ал арада чыгармачыл талантымды, лидерлик сапатымды баалашып, мэр Болот Абдыжапаров жана Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назира Жапарованын колдоосу менен сентябрь айында балдар чыгармачылык борборуна жетекчи болуп дайындалдым.
–Бул борбордун миссиясы, Сиздин милдеттериңиз кандай?
-Биздин борбордун негизги миссиясы мектептен тышкаркы кошумча билим берүү. Балдардын бош убактысын сарамжалдуу пайдалануу, ийримдерге чакырып билим менен айкалыштырып алардын чыгармачылыгын өнүктүрүү. Кыргыз элинин каада салттарын окутуу, нарк насилин жеткирүү менен бирге балдарга туура тарбия берүү. Ал эми менин милдетим, ар бир келген окуучуга туура багыт көрсөтүп, анын каалаган тармагында татыктуу билим алуусуна шарт түзүү. Ошондой эле, кесиптештеримдин чыгармачылыгын колдоп, ыңгайлуу жагдайда сабак берүүсүнө, билимин жогорулатуусуна шарт түзүп берүү.
–Чыгармачыл инсандар менен иштешүү ары түйшүктүү, ар тараптуулукту талап кылган жумуш болсо керек…
-Жогоруда айтканымдай, мен өзүм чыгармачыл инсанмын, тойлорду алып барам, ырдаймын, жар-жар айтам. Андыктан, чыгармачыл инсан менен чыгармачыл инсандын иштешүүсү аябагандай жеңил болот экен. Бири-бирин көз карашы, мимикасы менен эле түшүнүп калат экен. Андан сырткары, буга чейинки тажрыйбаларым да жетекчилик кызматта өз пайдасын тийгизүүдө. Баса белгилеп кетсем, сүлүктүлүк чыгаан инсандар Убадат Бараковна, Чынара Анарбековна, Айдарали Абдусаитов сыяктуу мыкты устаттардан жакшы тажрыйба, билим ала алдым.
–Балдар чыгармачылык борборунун күңгөй-тескейи тууралуу сөз кылалы, жетишкендиктери, чечилбеген маселелери тууралуу эмнелерди көрсөтө аласыз?
-Биздин борборду мэрибиз Болот Шаршеналиевич жакшы колдоп жатат. Жумушка киришээр замат, борбордук көчөнүн көркүн бузган начар абалдагы темир тосмолорубузду жаңыладык, тепкичтерде кармагычтар жок эле, аны койдук. мэр, ОМС жана вице мэрдин демилгелери менен борбордун 1-2-кабатындагы терезелер толугу менен заманбап пластик терезелерге алмаштырылды.
Көйгөйлөр жок эмес, бар. Костюмдар жетишсиз, кабинеттер да аз жана тар. Кээ бир мугалимдерибиз мектептерге барып сабак өтүп келишет. Музыкалык аппаратура менен жабдылган эмес. Биз билим берүү бөлүмүнө карагандыктан, мектептен тышкаркы борборлордун иш чараларына атайын каражат бөлүнбөйт экен. Облустук, республикалык сынактарга барып келүү биз үчүн ар дайым маселе жаратат.
Акыркы жетишкендиктерибиз тууралуу айтсак, “Жандай көргөн кесибим” кароо сынагынын облустук баскычында 2-орунду багындырдык. Андан соң, “Усулдук кейс” сынагына борборубуздун мугалими Шаархан Абдиназарова катышып, облустук баскычында 2-орун, республикалык турунда 5-орунду алды. Биз үчүн бул жакшы жетишкендик болуп эсептелинет. Ошондой эле дагы бир жетишкендигибиз, мугалимдер буга чейин кол менен жазышса азыр санариптик технологияларды колдонуп жатышат. Өзүб\здүн сахнаны эски болсо да пайдаланып жатабыз. Болот Шаршеналиевич сахнабызды эмки жылы бюджеттен, же стимгранттын эсебинен, болбосо спонсор таап болсо да капиталдык ремонттон өткөрөбүз деп айтты. Биздин эң кубанычтуу кабарыбыз ушул.
–Алдыдагы максаттарыңыз тууралуу биздин окурмандар менен бөлүшө кетсеңиз..
-Билим берүү бөлүмү бизге окшогон борборлорго да колдоо көрсөтсө дейт элем. Өтүп жаткан иш чараларга деп эмне үчүн акча бөлүнбөйт, ушул суроо мени түйшөлтүп жатат. Кандай гана иш чара, командировка болбосун, Өнүктүрүү фонду колдоп, демилгелеп жатат. Андан сырткары мекеменин имратын кеңейтип, оңдоп түзөө менин негизги максаттарымдын бири.
Учурдан пайдаланып, жалпыңыздарды Жаңы жылыңыздар менен куттуктаймын. Аламан согуш болбосун, ар бир кыргыз бөбөктөрү ата энеси менен чогуу бактылуу балалыктын доорун сүрушсүн!
Рахат Турдубаева