Бишкекти баарыбыз сүйө билели жана сыйлай билели! Садыр Жапаров бишкектиктерди шаар күнү менен куттуктады.
Президент Бишкек — жалпы Кыргызстан элинин биримдигинин символун туюндуруп, эркиндигинин энчиси, бакубат турмуштун белгиси экенин белгиледи. Ал азыркы Свердлов районунда жайгашкан байыркы Жүл шаарынын калдыктарынын ордунда археологиялык изилдөөлөр жүрүп, калыбына келтирүү иштери быйыл да уланарын айтты.
Жапаров ошондой эле Кыргызстан калкынын 20%ы борбор калаада жашай турганын эске салды.
“Бишкек шаарыбызды келген конок суктана турган, жашоого жайлуу, күнөстүү калаага айландыра аларыбызга бекем ишенем”, — деди өлкө башчы.