10-майда Бакыт өргөөсүнүн имаратында оңдоо иштери башталганына байланыштуу 15-майдан 15-июнга чейин никени салтанаттуу түрдө каттоо залы оңдоо иштерине байланыштуу жабык болот. Бул тууралуу Санариктип өнүктүрүү министрлигинен билдирди.
Ошол эле учурда кызматкерлер имараттын биринчи кабатында никени салтанаттуу түрдө каттоону улантышууда. Жарандарды кабыл алуу адаттагыдай эле саат 9:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлүүдө.
“Ошол эле учурда кызматкерлер имараттын биринчи кабатында никени салтанаттуу түрдө каттоону улантышууда. Жарандарды кабыл алуу адаттагыдай эле саат 9:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, жарандар төмөнкү кызматтар боюнча кайрыла алат:
туулгандыгын каттоо жана “балага сүйүнчү” жөлөк пулуна кайрылуу тариздөө;
аты-жөнүн өзгөртүү;
асырап алуу;
күбөлүктөрдүн дубликатын алуу;
идентификациялык жеке номерди (ИЖН) ыйгаруу;
ажырашууларды каттоо.
Ошондой эле никени салтанаттуу каттоо үчүн жерине чыгуу кызматы жеткиликтүү экени белгиленди.
Министрлик никени каттоо үчүн калкты тейлөө борборлоруна дагы кайрылса болорун кошумчалады.