"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Бишкекте Баткен театры “Ыйык жандар” спектаклин тартуулады

Соц.тармактарда бөлүшүү

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей Аппаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры Бишкек шаарына гастролдук сапар менен барышкан. Театр жамааты бүгүн, 21-майда Бишкек шаарынын тургундарына Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында Аскар Ражабалиевдин калемине таандык “Ыйык жандар” спектаклин тартуулаган.
Спектаклди сахналаштырган Кыргыз Республикасынын эл артисти, режиссёр Талант Апиев, койгон сүрөтчүсү Айдар Айтматов, музыкасын койгон Алтынбек Нажимидинов.
Спектаклде 2022-жылы сентябрда Баткендеги чек ара окуясында каза болгон чек арачы Жеңишбек Иманбек уулунун баатырдыгы, мекенди коргоодогу эрдиги, сүйүүсү, анын көзү өткөн соң, агасынын аманатын аздектеп, анын сүйүктүүсүнө баш кошкон инисинин окуясы чагылдырылат.
Аталган театр эртең, 22-майда Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин “Маң миң бир түн” аттуу спектаклин коюшат.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version