"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Бир жумада облуста 840 жол эрежелерин бузуу фактылары катталды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облусунун аймагында бир жума ичинде 840 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Баткен облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой Баткен облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 13-январынан, 19-январына чейин 840 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-33;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -26;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 133;

Мыйзамсыз алдыңкы терезелерин карагылатуу- 1;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –647;

-Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 99 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Баардык айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырабыз!

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version