"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткендин сел каптаган район, айылдарында өзгөчө кырдаал жарыяланды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткендеги селдин кесепетинен бир район менен 2 айылга өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Алар Кадамжай району, Катраң жана Ак-Татыр айылдары.
Баткен облусунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюу үчүн 1 райондо жана 2 айыл аймакта “Өзгөчө кырдаалдар” режими киргизилди. Тактап айтканда, Кадамжай районунда катталган селдин кесепеттерин жоюу, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу 24-июнда Кадамжай РМАнын башчысы-акимдин буйругунун негизинде “Өзгөчө кырдаал” режими район аймагына киргизилди.
Мындан сырткары Лейлек районунун Катраң айыл аймагына жана Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иштер жүрүп жатат. Андыктан аталган айыл аймактарына да “Өзгөчө кырдаалдар” режими кирди.
Кечээ, 24-июнь күнү Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан сел жүргөн.
Жалпы облус боюнча жааган жамгырдын кесепетинен, алдын ала маалымат боюнча 47 турак үйгө, 113 турак үйдүн огород участкаларына, 5 соц. обьектиге, 1 кичи футбол аянтчасына сел кирип, 17 ички чарбалык жолдорго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, 1 көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампага, 1 трансформаторго зыянын тийгизген. Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлдү.
Түнү менен аймактарда райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүздү. Ыкчам иш аракеттер уланууда.
Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык.
Белгилей кетсек, облустун Кадамжай районунда катталган селдин кесепеттерин жоюуга КР ӨКМден 63 куткаруучу, 1 Хово, 1 экскаватор, 2 мотопомпа, №46 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 1 Хово, жергиликтүү бийликтен 400 адам, 2 самосвал, 1 жүктөгүч, СЭКтен (санитардык-эпидемиологиялык кызмат) 39 кызматкер, ИИМден 50 кызматкер, тез жардамдан 30 кызматкер, ыктыярчылардан 110, жалпы 692 адам, 8 техника тартылган.
Ал эми Лейлек районунда катталган селдин кесепеттерин жоюуга КР ӨКМден 36 куткаруучу, №13 ЖТИден 2 грейдер, 2 жүктөгүч тартылган.
Кошумча маалымат берилет.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version