Баткен шаарында, БатМУнун жыйындар залында Кыргызпатент тарабынан чыгарылган “Чабыт” аттуу Баткен авторлорунун чыгармалар жыйнагынын бет ачары өткөрүлдү.
Жыйнакта Баткен аймагынан чыккан белгилүү акын жазуучулар менен кошо жаш авторлордун чыгармалары жыйналган.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Кыргызпатенттин расмий басылмаларды даярдоо бөлүмүнүн башчысы Нургүл Рымбекова, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Баткен облустук бөлүмүнүн төрагасы Абдилаат Дооров, педагог- акын Зулпукар Балтабаев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Өктөм Калыева, акын Сайдимар Султанмуратов, уюштуруу тобунун мүчөлөрү жана авторлор катышышты.
Кыргызпатенттин расмий басылмаларды даярдоо бөлүмүнүн башчысы Нургүл Рымбекованын маалыматына ылайык, басылмада чыккан 42 автордун тандалма 330 чыгармасы киргизилген. Ошондой эле, Нургул Рымбекова Кыргызпатенттин кызматкерлери тарабынан чыгармачылыкты колдоо багытында иштеп жаткан “Саамалык”, “Жети жаш автор”, “Мыкты китеп”, “40 райондон 40 китеп” долбоорлору тууралуу кеңири маалымат берип, алдыда дагы биргеликте иштөөгө Баткен элин анын ичинде чыгармачыл инсандарды ар дайым колдоого даяр экендиктерин баса белгиледи.
Иш чара сыйлоо аземи жана жандуу аткарылган музыкалык чыгармалар менен коштолуп, авторлорго китептер белекке берилди.