15-майда Ош облустук төрөт үйүндө Баткендик 28 жаштагы Айзирек Маликова 3 эм кыздарды жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу биздин редакцияга Айзирек Маликова сүйүнүчтүү кабары менен бөлүштү. Учурда ал кубанычы койнуна батпай турган чагы.
Айзирек Баткен районуна караштуу Бужум айылынын тургуну. Ал буга чейин боюндагысы 3 эм экендигин билген. Бул анын биринчи төрөтү. Үч эм кыздары 1 кг 720гр, 2 кг жана 1кг 780 гр салмакта төрөлгөн.
