"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткенден багылган букаларды уурдап бараткандар кармалды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен РИИБдин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, чек ара кызматкерлери менен биргеликте Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 48 жаштагы К.С. аттуу тургунун 2024-жылдын 8-январь күнү түнкү саат 03.00 чамасында Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кызыл-Бел айылындагы “Ганжак” участкасынан коңшу өлкөгө 5 баш асыл тукум ийри мүйүздүү малдарды айдап бара жаткан жеринен кармады.

Бул факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version