Баткен облусунун аймагында жүргүзүлүп жаткан жол куруу иштери тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги төмөнкүдөй маалымат берди.
Ага ылайык, учурда № 2 Жол тейлөө ишканасы тарабынан: Кызыл-Бел – Достук унаа жолунда асфальт төшөө жумуштары жүрүүдө, бүгүнкү күндө 5 чакырымы басылды.
Айгүл-Таш – Согмент – Таян жолунда жер иштери жүрүп жатат. 1,7 чакырым жол жаңыдан сайдан чыгарылып, салынды. Ал эми 1,5 чакырым жеринде кеңейтүү жумуштары жүрүүдө.
Ал эми Бужум – Баткен – Исфара жолунун 3-чакырымында жер жумуштары жыйынтыкталып, асфальт төшөө иштери башталууда. Сох – Кан – Зардалы жолунун 12-чакырымында көпүрө куруу жумуштары жүрүүдө. Ушул эле жолдун Зардалы айылына түшкөн Кашка-Суу тилкесинде кооптуу бурулушту жардырып, жол ачуу иштери аткарылууда.
№ 13 Жол тейлөө ишканасы тарабынан: Самат – Замборуч – Жаркыштак автоунаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Раззаков айланма жолунда асфальт төшөө жумуштары уланууда.
№ 46 Жол тейлөө ишканасы тарабынан: Үч-Коргон – Чаувай автоунаа жолунда асфальт төшөө үчүн негизин даярдоо, жолду кеңейтүү жумуштары уланууда.