Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы музыкалык-драма театрында Баткен облустук казыяты тарабынан “Жакшы кулк-мүнөз, жаркын жашоо” аттуу ыйман кечеси уюштурулду.
Алгач иш чара тамак-аш жарманкеси менен башталды. Расмий бөлүгү куран окуу менен башталган кечеге илимий агартуучу, Устаз Эрмек Тынай уулу жана облустук казыяттын өкүлдөрү, кыз-келиндер, апалар катышты.
Ыйман кечесинде Узтаз Эрмек Тынай уулу жүрөктү агарткан баяндарды айтып, үй-бүлөдөгү аял менен эркектин мамилесине кеңири токтолуп өттү. Ошондой эле Пайгамбардын (с.а.в) жашоосунан мисалдарды келтирип, аны үлгү катары тутунуп жашоо керектигин баса белгиледи. Катышуучуларга пайдалуу маалыматтарды айткан илимий агартуучу, узтаз Эрмек Тынай уулу баяндамасынын соңунда иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.
Иш чара суроо-жооп менен жыйынтыкталды.
