"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткенде жаңы жылдык фейерверк атылбайт

Соц.тармактарда бөлүшүү

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сунушуна ылайык, облус аймагында атмосфералык абаны коргоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, облуста жаңы жылдык фейерверктерди уюштурбоо чечимин кабыл алды.
Пиротехникалык материалдарды күйгүзүү учурунда зыяндуу заттардын чыгышы, атмосфералык абанын сапаты боюнча кырдаалды начарлатып, абанын булгануусуна алып келет. Аны менен катар жарандардын ден соолугуна зыян келтирген учурлардын жаралуусун шарттайт.
Ошол эле учурда жаңы жылдык фейерверктерди уюштурууга бир топ каражат жумшалат. Бул каражаттарды башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшоо ылайыктуу болот.
Мындан улам жер жерлерде пиротехникалык материалдарды күйгүзүүгө бөгөт коюлат.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version