"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткенде Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленди

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткенде 9-май Улуу Жеңиш майрамына арналган салтанат жергиликтүү жетекчилердин “Өчпөс от” эстелигине гүл коюусу менен башталды.
Андан соң Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарына багышталып куран окулуп, бата кылынды.
Майрамдын салтанаттуу бөлүгүндө КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жалпы Баткен элин Жеңиш майрамы менен куттуктады.
Облус башчысы өз сөзүндө “Согушта жана тылда келечегибиз үчүн күрөшкөндөрдүн баатырдык эрдигине терең таазим этебиз. Сиздер мекенди сүйүүнүн, ынтымактыктын жана патриоттуулуктун үлгүсү катары жүрөгүбүздө түбөлүк жашап каласыздар. Өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп жараткан элибизди, жерибизди колдоп, эркиндигибиз түбөлүк болсун” деген каалоо-тилегин айтты.
Майрамдык иш чара жергиликтүү таланттардын концерттик программасы менен коштолуп, жалпы элдик сейилдөө менен улантылды.
Белгилей кетсек, учурда Баткен облусунда 98 ооруктун ардагери бар.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version