"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткенде суу түтүкчөлөрү оңдолууда

Соц.тармактарда бөлүшүү

Эл аралык донорлор тарабынан 41 млн долларга Раззаков, Кызыл-Кыя жана Баткен шаарларында суу түтүкчөлөрүн ондоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Баткенде өткөн Каржы министрлигинин “Конференциялар кербени” аттуу илимий-практикалык конференцияда Каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.  

Ошондой эле, Баткен облусуна республикалык бюджеттен “дем беруучу гранттар” беренеси  аркылуу 2024-жылга 107,9 млн сом каралды же болбосо 3 эсе көбөйдү. “Каржы министрлиги тарабынан чакан жана орто бизнести колдоо максатында Баткен облусу боюнча 909 ишкерлерге 678,4 млн сом пайызсыз насыя берилди”, – деди ал.

Мындан сырткары, мамлекеттик инвестициялардын алкагында Баткен регионун өнүктүрүү долбоору боюнча азыркы күндө Дүйнөлүк банк тарабынан 50 млн доллар бөлүнгөн, ушул долбоордун алкагында 15 социалдык объектилер курулду.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version