Баткенде шарап куйган идишти тазалаган эки киши ууланып, бирөө каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылыйык, окуя 31-августта Чоң-Талаа айылында катталган. Милициянын маалыматына караганда, шарап сактоочу жайдагы 10 тонналык идиштерди тазалап жатып 51 жана 28 жаштагы эркек кишилер ууланган.
28 жаштагысы ооруканага жетпей көз жумуп, жакындары соттук-медициналык экспертизадан баш тарткан.
Учурда Баткен РИИБи фактыны каттоого алып, текшерүү иштери жүрүп жатканы айтылды.