"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткенде окуучу кыз бычакталып каза тапты

Соц.тармактарда бөлүшүү

2024-жылдын 15-апрель күнү саат 21:05 чамасында Баткен облустук борбордук ооруканасына 16 жаштагы К.А. аттуу кыз денесинин эки жеринен алган (бычактан) жарат менен алып келишкен. Болжол менен жарым сааттан кийин ээсине келбей каза болгон. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык аталган маалымат Баткен РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Азыркы учурда А.К аттуу кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын жагдайын аныктоо максатында тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмалар берилген.
 Маркум кыз Баткен  районунун Бужум айылынын  10-класстагы тургуну болгон.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version