"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

БАТКЕНДЕ МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ БОЛУП ӨТТҮ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Ага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, район акимдеринин, шаар мэрлеринин орун басарлары, Мерсико, ЮНИСЕФ уюмдарынын өкүлдөрү, район-шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп, бала бакчалардын директорлору катышты.
Алгач кеңешменин катышуучулары жылдын мыкты мугалимдеринин тажрыйбалары коюлган көргөзмөлөргө күбө болушту.
Кеңешмеге катышкан коноктор жалпы билим берүү кызматкерлерин жаңы окуу жылынын башталышы жана Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы менен куттуктап, алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалашты.
Бул жылы кеңешме «Билим берүүгө 100 жыл, трансформация жана жаңы горизонттор» аталышындагы ураан менен өткөрүлдү.
Анда Билим берүү жана илим министрлигинин «Алтын казык» программасы жөнүндө кеңири маалымат берилип, 12 жылдык билим берүүгө өтүү, билим берүү процессин уюштуруунун жаңы түрлөрүн аныктоо жана сапаттуу билим берүү, инновациялык мектепке өтүү, жайылтуу максатындагы маселелер талкууланды.
Иш чарада өткөн окуу жылындагы көрсөткөн жыйынтыктар талкууланып, жаңы окуу жылында аткарылчу милдеттер коюлду. Мындан сырткары билим берүүнүн сапатын арттыруунун маанилүүлүгү айтылып, жоопкерчиликти күчөтүү менен иштин натыйжасын көрсөтүү керектиги баса белгиленди. Ошондой эле балдардын билим сапатын көтөрүү үчүн сунуш-пикирлер айтылып, балдарды тарбиялоо үчүн кеңештер берилди.
Иш чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарга татыктуу билим-тарбия берүүдө зор ийгиликтерге жетишкен бир катар алдыңкы мугалимдер ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары менен сыйланышып, алгачкы жумушка кабыл алынган жаш мугалимдерге эмгек китепчелери тапшырылды.
Кеңешменин аягында август кеңешмесинин резолюциясы кошумча сунуштар менен кабыл алынды.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version