"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткенде “Милициянын жаш жардамчылары” аттуу кароо сынагы болуп өттү.

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткенде райондук деңгээлде “Милициянын жаш жардамчылары” аттуу кароо сынагы болуп өттү.
Баткен районунун Чек айылында жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары арасында жергиликтүү милициянын демилгеси менен “Милициянын жаш жардамчылары” кароо сынагы болуп өттү.
Кароо сынакта милициянын жаш жардамчыларынын күндөлүк турмушун чагылдырган видео тасма көрсөтүлүп, ар бир мектеп даярдаган көрсөтмө куралдар боюнча түшүнүктөр берилди. Баткен РИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү балдарга зомбулуктун алдын алуу, 25-май акыркы коңгуроо күнү укук бузууларга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин өткөрдү.
Кароо сынактын жыйынтыгында 1-орунга Ак-Сай айылындагы Ходжаев орто мектеби, 2-орунга Кара-Бак айылындагы Б.Нарматов орто мектеби, 3-орунга Ак-Татыр айылынын Т.Садыков орто мектебинин окуучулары ээ болушуп, баалуу белектер менен сыйланышты.
Кароо сынакка жалпысынан 17 билим берүү мекемесинен 17 милициянын жаш жардамчысы отряды катышты.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version