КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Баткен шаарында жайгашкан май заводунун мыйзамсыз түрдө жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан жеке менчикке чыгарылганы аныкталды.
Автоматташтырылган маалыматтык системадагы “кылмыштардын бирдиктүү реестри” маалыматтарынын негизинде жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында, аталган уюм өзүнүн аракеттеринин мыйзамсыздыгын мойнуна алып, заводду ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп берди.
УКМК социалдык инфраструктура объектилерин жана жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу боюнча текшерүү иштерин улантууда.

36Дамира Юсупова, Кубанычбек Таиров и ещё 34