"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

БАТКЕНДЕ МЕКЕНИН КОРГОП КУРМАН БОЛГОН УЛАН МУСАЕВДИН ЫСЫМЫ ӨЗҮ ЖАШАГАН КӨЧӨГӨ ЫЙГАРЫЛДЫ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн Баткенде 2021-жылдын 28-29-30-апрелиндеги жана 1-майдагы Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан улам Мекенин коргоп жатып каза болгон Улан Мусаевдин ысымы өзү жашаган көчөгө ыйгарылды.
Улан Мусаев 2021-жылы апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта баатырларча курман болгон.
Баатырдын ысымын ыйгаруу аземине Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурханов баштаган жергиликтүү жетекчилер, маркумдун жакындары, айылдаштары, достору, кесиптештери катышты.
Баткен шаарынын мэри И.Бурханов “Мекенди коргоп жатып шейит кеткен Уландын эрдиги эч качан унутулбайт, алар аз жашаса да, ысымдары түбөлүккө жашайт», — деп белгилеп,тарбиялаган ата-энелерге ыраазычылык билдирип, көңүл айтты.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин чек ара окуяларында каза болгон кырктан ашуун мекендешибиздин ысымы өздөрү туулуп өскөн аймактардагы көчө, сейил бактар, спорт комплекс сыяктуу объекттерге берилген.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version