"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткенде Курман айт майрамы белгиленди

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн, 18-июнь күнү Баткен шаарында Баткен облустук казыятынын аялдар бөлүмү тарабынан аялдарга курбан айт майрамы уюштурулду.
Иш чарага Баткен облусунун казысы Нурдин ажы
Мамасабиров, Ички иштер министрлигинен келген өкүлдөр, “Мутакалим” коомдук аялдар уюмунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы, облустун район-шаарларынан келген аялдар жамааттары катышышты.
Иш чарада алгач коноктор кыргыздын улуттук тамак-аштары коюлган көргөзмө менен таанышып, куран окуу менен башталды.
Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров бүгүнкү иш чаранын катышуучуларын Курбан айт майрамы менен куттуктап, курбан айт майрамы, курбандык чалуунун маанилүүлүгү жана эрежелери, Ибрахим пайгамбардын өмүр баянын кыскача айтып берди. Ошондой эле Жараткандан жакшылыктарды, элге ырыс-ынтымак, бакубат жашоо, өлкөбүзгө өсүп-өнүгүү, бейкутчулукту тилеп, бардык үй-бүлөгө ден соолук, тынчтык жана ынтымак болушун каалады.
Бул күнү айымдарга хадистер айтылып, баяндар окулуп, куран аяттары, ислам дининен камтылган суроо-жооптор, кызыктуу сынактар уюштурулуп, мыкты катышуучуларга баалуу белектер тапшырылды.
Ошондой эле “Мутакалим” аялдар уюму тарабынан Куран курсунун бир жылдык курсун бүткөндөргө сертификаттар тапшырылып, бүгүнкү иш чараны уюштургандарга ыраазычылык диплому берилди.
Эске сала кетсек, Баткен казыятынын аялдар бөлүмүнүн жана ишкер айымдардын демөөрчүлүгү менен уюштурулган ушундай эле иш чара буга чейин Раззаков шаарында өткөрүлгөн.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version