Бүгүн Баткен шаарынын Аппаз Жайнаков атындагы маданият үйүндө милициянын демилгеси менен укук бузуулардын алдын алуу, коомдук жайдагы кылмыштуулукту болтурбоо багытында “Коомдук жайдагы коопсуздук” аталышындагы иш-чара өттү.

Алгач иш чара “Зордук-зомбулукка жол жок” деген ураан менен жөө жүрүш болду. Андан соң экинчи бөлүгүндө жыйын уюштурулуп, жыйынга Баткен РИИБдин башчысы милициянын полковниги А.Шагамурзаев, райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү, райондук билим берүү бөлүмүнүн, район аймагындагы айыл аймактардын башчылары, билим берүү мекемелеринин директорлору, соцкызматкерлер, Баткен районунун жаштары, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү жана райондун имам хатиби катышты.
Жарандардын коопсуздугун сактоодого укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, коомдук жайларда кылмыштуулукту болтурбоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана зомбулуктарга жол бербөө багытында форумдун катышуучулары өз пикирлерин билдирип, суроо-жооптор болду.
Бул иш-чара коомдук тартипти сактоодо жарандардын коопсуздугун, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, укук бузууларды жасоого көмөктөшүүчү себептерин жана шарттарын аныктоого жана жоюуга багытталды.