"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткенде ишкерлерди колдоо кеңешинин төртүнчү отуруму өттү

Соц.тармактарда бөлүшүү

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин төртүнчү отуруму өттү.
Отурумга облус башчысы Абдикарим Алимбаев катышып, бул иш чара бизнес коомчулугу менен мамлекеттик органдардын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө болуусу керектигин белгилеп, маселелер ачык,айкын,калыс каралып,мыйзам чегинде чечилип,ишкерлерге тийиштүү колдоолор ыкчам көрсөтүлүүгө тийиш деп белгиледи.
Бул ирет да отурумга бардык тийиштүү министрлик,агенттиктердин өкүлдөрү катышып,ишкерлердин маселелери каралды.
Отурумдун күн тартибинде негизги эки маселе каралды,алар;
1. Кызыл-Кыя шаарындагы “Ирадан ЛТД”ишканасынын “Балык чарбасы үчүн деп участогун трансформациялоо
2. Кадамжай районунда “Ишкерлерди колдоо борборун ачуу”
Мындан сырткары,
– Кыргыз Экспорттун ишмердиги жана экспортко чыгуунун артыкчылыктары,
– КРнын региондорунда МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу механизми,
-Консалтинг кызматтарын өнүктүрүү боюнча баяндамалар болду.
Отурумдун жүрүшүндө Баткен облусунда электромобилдер үчүн электр станциясын ишке киргизүү долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюу аземи болду.
Иш чаранын соңунда облустун өнүгүүсүнө салым кошкон ишкерлер КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сыйлыктары менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, КЕҢЕШтин максаты – мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосунда тыгыз кызматташтыкты камсыз кылуу, бизнести өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын ачуу жана аймакка инвестицияларды тартуу аркылуу Баткен облусунун экономикалык жана социалдык абалын жакшыртуу болуп саналат.
Иш чара БУУнун Өнүктүрүү Программасы менен өнөктөштүктө уюштурулду.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version