"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

БАТКЕНДЕ ИПОТЕКАЛЫК ҮЙЛӨРДҮН КУРУЛУШУНА МЕЗГИЛ КУТУСУ САЛЫНДЫ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, бүгүн Баткен шаарында ипотекалык үйлөрдүн пайдубалына мезгил кутусун салды.

 

 

 

 

Саамалыкка жергиликтүү жетекчилер, шаар тургундары да катышты.
Шаардын Курманжан Датка жана Алымбек Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы “Асман резиденс №1” турак жай комплексинде 3, 2 жана 1 бөлмөлүү 12 кабаттан турган 37 блок үйдүнкурулушу пландалган. Батирлердин жалпы саны 2364. Турак жай комплекси курулуп жаткан жердин жалпы аянты 7 гектар. Долбоор боюнча көп кабат үйлөрдүн астында спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу жайлары, коомдук тамактануучу жайлар жана соода дүкөндөр камтылган.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version