Аталган обьектилер Баткен облусунун 25 жылдыгына карата ачылган 25 обьектинин катарын толуктады.
Маалыматка ылайык, учурда пайдаланууга берилген эки жаңы имараттын курулушуна 2023-жылдын 23-сентябрында мезгил кутучасы салынган. Жумуш эки этап менен жүрүп, учурда толугу менен колдонууга даяр.

Баткен электр тармактар ишканасынын жаңы имараты 3 кабат болуп курулуп, 200 жумушчуга ылайыкташтырылган. Заманбап стилде салынып, жаңы мебель, компьютердик техникалар менен камсыздалып, жумушчулар үчүн жатаканасы, ашканасы жана атайын техникалар токтоочу короосу, трансформатор оңдоочу цехи, жабдууларды сактоочу кампасы менен салынган. Ал эми имараттын сметалык баасы 187 380 397 сомду түзгөн. Жалпы аянты 3727 квадрат метр.
Ошондой эле, Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасынын сметалык баасы 50 493 350 сомду түзгөн. Жумушчулар үчүн баардык шарттар каралып, жаңы имарат 60 орунга ыңгайлаштырылып курулган. Жалпы аянты 550 квадрат метр.
Аталган эки имратты куруу иштери «Кыргызстан УЭТ» ААКнын өздүк эсебинен каржыланды. Бүгүндөн баштап энергетиктер жаңы имаратта калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу иштерин алып бара баштайт.
Алдыда 2025-жылы капиталдык курулуш планына ылайык аталган имараттардын чатырына күн панелин орнотуу пландалууда.
Аталган имараттар колдонууга берилип, энергетиктердин иштөөсү үчүн мыкты шарт түзүлөт жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздап, Баткен облусунун өнүгүү жолундагы заманбап имараттардын бири болот.