"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткенде элди арзан көмүр менен камсыздоо иши уланууда

Соц.тармактарда бөлүшүү

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш аракеттердин натыйжасында, 2024-жылдын 7-ноябрынан тартып, Баткен облусунун аймактарына арзандатылган баада көмүр ташыла баштады. Учурда Сүлүктү шаарынын кенчилеринен макулдашылган баада сатып алынган 230 тонна көмүр 6,0 сомдон элге сатылууда жана бул иш уланууда.
2024-жылдын 13-ноябрына карата район шаарлардын маалыматтары боюнча жергиликтүү калк өзүн 65,9% (64,3 миң тонна) көмүр менен камсыздады. Анын ичинен социалдык категориядагы жана колдоого муктаж 1045 үй-бүлөгө акысыз 528,2 тонна көмүр жеткирилип берилди.
Мындан сырткары буга чейин айыл өкмөттөр, көмүр шахтылары менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп (ортомчусуз), натыйжада 2300 тонна көмүр аймактарга жеткирилип, кенчилер менен макулдашылган баада, базар баасынан арзан сатылды.
Облус калкынын көмүргө болгон керектөөсү 97- 100 миң тоннаны түзөт.
Бүгүнкү күндө облустун аймагында 69 стационардык көмүр сатуучу түйүнү иштеп жатат.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version