31-август күнү Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 33 жылдыгы шаңдуу белгиленүүдө. Бул күнү баткендиктер Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын жана Баткен районунун 90 жылдыгы кош майрамдарын чогуу белгиленди.
Майрамдык салтанат алгач Баткен шаарындагы улуу инсандардын эстеликтерине гүлчамбар коюу менен башталып, борбордук стадиондо улуттук кол өнөрчүлүк, тамак-аш жана айыл чарба көргөзмөлөрү менен улантылды.
Андан соң салтанаттын расмий бөлүгү ачылып, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Жогорку Кеңештин депутататы Бактыр Калпаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, кошуна өлкөлөрдөн келген коноктор жана жергиликтүү жетекчилер облус тургундарын майрамдары менен куттукташып, майрамдык каалоо-тилектерин билдиришти.
Салтанаттын жүрүшүндө өлкөбүз көз карандысыз болгондон берки кыскача тарыхты чагылдырган театрлаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлдү.
Иш чаранын экинчи бөлүгүндө белгилүү ырчылардын коштоосундагы чоң концерттик программа тартууланды.
Бул күнү облустун жер-жерлеринде ушундай эле салтанаттар белгиленип, бир катар майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп, облус тургундарына майрамдык маанай тартууланууда.
Белгилей кетсек, 1991-жылы 31-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз эгемендүү демоктратиялык суверендүү мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган.