"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткенде быйыл 21 социалдык обьекттин курулушу аяктады

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облустук курулуш башкармалыгы тарабынан, республикалык бюджеттин эсебинен, 2024-жыл ичинде облус аймагында 71 обьектиде курулуш, оңдоп түзөө жана долбоорлоо иштери жүрдү. 71 обьектинин ичинде 31 мектеп, 4 спорт комплекси, 7 балдар бакчасы, 6 административдик имарат, 3 саламаттыкты сактоо мекемеси, 2 маданият мекемеси, 4 таза суу обьектиси, 4 турак үйдүн капиталдык оңдоп түзөө иштери бар. 2024-жылдын жыйынтыгы менен 21 обьекттин курулушу аяктоодо. Буга чейин 16 социалдык обьекти эксплуатацияга тапшырылды. Алар 9 мектеп, 1 саламаттыкты сактоо мекемеси, 4 таза суу обьектиси, 2 административдик имарат. 31-декабрга чейин курулушу аяктаган дагы 5 обьектини тапшыруу пландалууда.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version