"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткенде биринчи жолу жүрөккө операция жасалды

Соц.тармактарда бөлүшүү

2024 –жылдын 3- декабрь күнү Баткен облусунун Кадамжай шаарында жайгашкан “Улукман” медициналык борборунда жүрөктүн тубаса кемтик оорусуна заманбап аппараттардын жардамы менен тамыр аркылуу операция жасалды.

Операциянын өзгөчөлүгү, оорулуунун денеси хирургиялык жол менен кесилбестен кан-тамыры аркылуу жасалат.

Бейтап 4 балалуу 38 жаштагы аял. Ал буга чейин бөйрөк жетишсиздиги оорусу менен жабыркап пландуу түрдө гемодиализ процедурасын алып жүргөн. Алдыда анын бөйрөгүн алмаштыруу операциялары пландалган. Ошондуктан дарыгерлер алгач жүрөгүнө операция жасоо чечимин кабыл алган.

” Улукман” медициналык борборунун директору Залкар Баймуратовдун айтымында, учурда бейтаптын абалы канааттандыраарлык.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version