"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткенде бир катар социалдык маанилүү долбоорлор ишке ашат

Соц.тармактарда бөлүшүү

Облус башчысы Юнисефтин Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Юнисефтин жаңыдан дайындалган Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тапа мырза менен жолукту. Бул тууралуу  КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой ыйгарым укуктуу өкүл Самман Жунг Тапа мырзаны жаңы кызмат орду менен куттуктап, ишине ийгилик каалоо менен, алгачкы жумушчу сапарын Баткенден баштаганы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Облус башчысы өз сөзүндө “биз үчүн ЮНИСЕФ маанилүү өнөктөш, сиздер менен кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чоң маани беребиз. ЮНИСЕФ Баткен облусунун билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарындагы көйгөлөрдү жеңилдетүүгө зор салым кошуп келе жатат” деп белгиледи.
Тараптар алдыдагы социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулап, кызматташтыктын мындан ары да чыңдалышына ишеничин билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин макулдашылган пландарга ылайык, 2025-жылга чейинки аралыкта, кызамык оорусунун алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат. Эл арасында эмдөөнүн зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштери активдешет. 186 саламаттыкты сактоо кызматкерлери окутуудан өтөт, 5 мобилдик топ түзүлүп иш алып барылат.
Ал эми билим берүү тармагы боюнча, 1750 мугалим биринчи психологиялык жардам көрсөтүү боюнча окутуудан өтөт.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version