Бүгүн, 2024-жылдын 23-апрелинде Баткен шаарында “Баатыр элим – Баткеним” Куттуу эл аталышындагы республикалык улуттук форуму өтүп жатат.
Иш чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баш болгон аким-мэрлер, облустук мекеме-ишканалардын жетексилери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетов, өлкө аймагынан келген коноктор, мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер катышууда.
Форум алгач Баткен облусунан чыккан мамлекеттик ишмерлердин айкелине гүл коюу менен башталды.
Андан кийин форумдун катышуучулары боз үй жасалгаларынын өзгөчөлүктөрү, каада-салт, жөрөлгөлөрү, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш, күрүч жана өрүктөн жасалган азыктардын көргөзмөсү менен таанышып чыгышты.
Форумдун салтанаттуу бөлүгү Баткен облустук А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында башталып, анда Баткен облусу боюнча 15 мүнөттүк видео тасма көрсөтүлүп, облустук драма театрынын кызматкерлери тарабынан театралдаштырылган композиция тартууланды.
Иш чаранын салтанаттуу бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Алимбаев ачып, сөз сүйлөп, улуттук нарк – адамзаттын кайталангыс руханий мурасы, ал салттар кыргыз элинин негизги жана ишенимдүү таянычы болуп калганына токтолуп, Президенттин «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыгы жана Кара кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата кыргыз элинин үрд-адаттарын, каада-салтын даңазалоо жана келечектеги муунга жеткирүү максатында өткөрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.
Форумдун жүрүшүндө тарых илимдеринин кандидаттары тарабынан Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө өрүкзарлуу Баткенден чыккан улуу инсандардын кошкон салымы”, “Баткен – кечээ, бүгүн, эртең” аталыштагы баяндамалар окулду.
Андан кийин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетов сөз сүйлөп, КР Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыгы, бүгүнкү форумдун максаты тууралуу кеңири маалымат берди.
Мындай иш чара концерттик программа менен коштолду.