Бүгүн, 7-июнда Баткен шаарында Бүткүл дүйнөлүк тамак-аш коопсуздук күнү белгиленди. Бул тууралуу Баткен райондор аралык санитардык-эпидемиологиялык борборунун директору Асел Кошбаева билдирди.
Маалым болгондой иш чарага Баткен шаардык мэриясынын социалдык секторунун башчысы Мансур Маматисаков, Баткен район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгери Асел Кошбаева, Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Мустаким Акматов жана медицина кызматкерлери ошондой эле коомдук тамактануучу жайлардын ээлери, азык-түлүк саткан ишкерлер катышты.
Бул күнү тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу максатында жеке ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, санитардык милдеттенмелер берилди.
Мындан сырткары шаар аймагында тамак-аштан уулануунун алдын алуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш чаралар боюнча маалымат берилип, суроолорго жооптор айтылды.
Мындай саамалыктын жүрүшүндө медицина кызматкерлери тамак-аштан уулануунун кесепети боюнча саханалаштырылган көрүнүш аткарылып, катышуучуларды санитардык эрежелерди сактоого үндөдү.